​Соттолгон саясатчылар өздөрүн актоо үчүн БУУга кайрылат

  • 5 лет мурун

Саясий туткундарды коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда репрессияланган саясатчыларды толук актоо демилгесин көтөрүп чыкты.

Алар бийлик саясатчыларды «соттолгон» деген макамын сактоо менен, аларды «саясий мунжу» кылууга аракеттенип жатат деп эсептешет.

Абактагы жана эркиндикке чыккан саясатчылар учурда өздөрүнүн акталуусу үчүн сот органдарына, прокуратурага жана эл аралык уюмдарга да кайрылышууда.

Саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевдин бийлиги тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларды «жок жерден айыптаган» деп, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди, экс-баш прокурор Индира Жолдубаеваны, «бир жактуу каралоого катышкан» деп КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков баштаган бир катар журналисттерин, «Дело №» гезитинин редакторун, айрым журналисттерин сот жоопкерчилигине тартуу демилгеси менен чыкты.

Муну негиздеген резолюцияны аталган комитет 12-марттагы жыйынында кабыл алды.

Жыйындын катышуучулары айрым саясатчыларды камактан бошотуу менен бийлик өзүнө саясий упай топтоого аракет кылып жатат деп эсептешти.Саясий туткундарды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны отузга чукул.

Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жаңы кодекске ылайык жаза мөөнөтү аяктады деген негиз менен эркиндикке чыгышкан.

Саясий туткундарды коргоо комитети да Асанов менен Кадыровду толук актоо максатында ишин кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Ушул тапта юристтер булардын иши боюнча БУУнун адам укуктары комитетине кайрылуу жолдоп жатышат.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин эсебинде, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда отуз чамалуу саясатчы соттолуп, камалган.

Алардын ичинде мурдагы баш прокурор Аида Саляновага карата чыккан сот өкүмү кичинекей кызы бар экендигине байланыштуу күчүнө кире элек.

Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Эрнест Карыбеков, Төрөбек Койлубаев азырынча камакта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты