​Кыргызстан Араб Эмираттар ишкерлерине жаңы долбоорлорду сунуштоого даяр

  • 5 лет мурун

Бишкекте КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Султан Аль Мансуринин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

Эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, ошондой эле айыл чарба, маалыматтык технология, туризм, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана башка актуалдуу темалар боюнча талкуу жүргүзүлдү.

«Кыргыз тарап БАЭ ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоого даяр. Мындан тышкары биз кызматташуунун маанилүү багыты катары транспорт жана жарандык авиацияны эсептейбиз. 2018-жылы БАЭ туристтеринин саны мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өскөн», – деди ал.

Ошону менен бирге Жеңиш Разаков энергетика, агрардык комплекс, азык-түлүк өнөр жайы, билим берүү жана инновация тармактарында кызматташуу келечеги тууралуу кеңири айтып берди.

БАЭ экономика министри Султан Аль Мансури БАЭ жетекчилиги өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү деп эсептейт.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты