8-марттагы жүрүшкө каршы митингге чыгышты

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында 8-мартта өткөн жүрүшкө каршы чыккандардын митинги аяктады.

Бүгүн, 13-мартта, Бишкек мэриясынын алдына 8-марттагы жүрүшкө каршы болгон топ митингге чыкты.

«Кырк чоро” кыймылынын башчысы Замирбек Көчөрбаев 8-марттагы жүрүшкө уруксат берилгендерге чара көрүлүшү керектигин билдирди.

Ошондой эле митингге катышкандар жүрүшкө уруксат берген Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Айта кетсек, 8-мартта кыз-келиндердин укуктарына тилектештик билдиргендердин жүрүшү болгон.

Алардын арасына ЛГБТ азчылыктарынын да өкүлдөрү кошулуп, көпчүлүккө жакпаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты