​Түрк элчилиги Даун балдардын сүрөт көргөзмөсүнө чакырат

  • 5 лет мурун

19-март—Даун синдромдуу адамдардын эл аралык күнү. Буга карага Түркия элчилиги Даун балдардын сүрөт көргөзмөсүн уюштурат.

Даун синдромдуу адамдардын эл аралык күнүнө карата Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Василики Фыраттын демилгеси менен
жана түркиялык сүрөтчү Фатих Савруктун эмгегинини натыйжасында;
“Сантерра” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “46+1 хромосому – Барбыз жана сыймыктанабыз” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына чакырат.
Сүрөт көргөзмөсүнө Даун синдромдуу 8 бала тарабынан тартылган сүрөттөр коюлат.
Көргөзмө 19-мартта, саат 16:00 дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 3-кабатында болот. Көргөзмө бир жумага созулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты