​“Кырк кыз” долбооруна 45 күн даярдык көрүлгөн

  • 5 лет мурун

«Кыргызымдын кырк кызы-2019» долбоорунун уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева долбоордун саясий сүртүмү жок экенин, ага 45 күн даярдык көрүлгөнүн, буга “40 чоронун” тиешеси жок экенин билдирди.

«Кырк кыз» долбооруна катышуучу кыздар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген. Алар кыргыздын каада-салтына тиешелүү ар кыл конкурстарга катышат.

Долбоордун алкагында 40 насаатчы айым ынтымагы түзүлөт жана 40 кыз институту, 40 этно-дизайнер ассоциациясы түптөлөт.
Жыйынтыктоочу салтанат Спорт ордосунда өтөт. Чоң байгелүү орундар берилет.

Ал эми 11-мартта долбоордун катышуучулары Курманжан датканын эстелиги тарабына барганда, аны айрымдар 8-марттагы жүрүшкө каршы уюштурулган акция катары кабыл алышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты