​Бишкек шаар кеңеши 8-мартта маркумдарды да куттуктаган

  • 5 лет мурун

Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек. Абиров 8-мартта Бишкек шаарынын айымдарын куттуктаганы кубаттарлык саамалык эмеспи. Бирок… ал куттуктоолордун арасында эркектер да бар экенин социалдык тармактарда жазышты. Ал эми куттуктоо баракчасы маркумарга да жиберилгенин “Вечеринй Бишкек” гезитине басылманын баяндамачысы Вячеслав Аникин жазды.

Анын айтуусунда, апасы Лидия Сергеевна Аникинага да 8-мартта Бишкек шаар кеңешинен куттуктоо келген. Бул кубаныч тартуулай турган белек экенин, бирок…анын апасы Л. Аникина мындан он жыл илгери кайтыш болгонун билдирип, “Бул куттуктообу же табалообу” деп суроо салды.

Ырас эле, он жыл илгери кайтыш болгон кишиге куттуктоо жиберип, Бишкек шаар кеңеши кантип жаңылып калды? Же аны шайлоодогу “өлүү жандардын”тизмесинен байкабай алып алдыбы деген суроо туулбай койбойт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты