Биз менен мотивациялык кат жазууну үйрөнүңүз

Биз менен мотивациялык  кат жазууну үйрөнүңүзЧет өлкөдө окугуңуз келеби же чоң компанияга жумушка орношом дейсизби? Анда биз менен мотивациялык  кат жазууну үйрөнүңүз.

Ар бир эле адам үчүн чет өлкөгө окууга өтүү, жумушка орношуу, конференция, форумдарга катышуу, грант, стипендия алуу үчүн  мотивациялык  катты  жазуу кыйынчылык жаратпай койбойт. Жазылган катыңызга жараша жакшы жооп алуу үчүн төмөндөгү кеңештерди сунуштайбыз.
Эгер таржымал (резюме) талапкердин (кайсы бир ишке, окуу жайга ж.б.) жүзү болсо, мотивациялык кат — анын долбоорунун, ой-максаттарынын жүзү болуп эсептелет. Таржымал менен мотивациялык кат бири-бирине коёндой окшош болуп, бири-бирин кайталабаш керек. Тескерисинче, бири-бирин толуктап, талапкердин идеясы тууралуу айтып турушу керек. Башка документтерден өзгөчөлөнүп, мотивациялык кат талапкерге берилген эң мыкты мүнөздөмө болуп саналат. Ошондуктан катты түзүүдө сиз жөнүндөгү маалыматтарга кылдаттык менен мамиле кылуу сунушталат.
Мотивациялык катты жазууда адистер бир нече эрежелерди сактоону сунушташат.

Марал Сагыналиева кеңеш берет:

“Аз, бирок саз жазыңыз! Биз менен мотивациялык  кат жазууну үйрөнүңүз

—Жумуш берүүчүгө компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу билгениңизди, кандай пайда алып келериңизди көрсөтүңүз. Көнүмүш мүнөздөмөлөрдү жазуудан качыңыз (максатка жете билген, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү ж.б). Мен “эң кыйынмын” дегенден алыс болуу  керек, баарыбыз “эң кыйынбыз”. Кемчиликтер, жеңилүүлөрүбүз дагы бизге ийгилик алып келиши мүмкүн.
Келечекти өзгөртө турган адам сиз болуп калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан жумушка, окуу жайга алуучулар  сиздин жетишкендиктериңизди гана эмес, кемчиликтериңизди  да билгилери келет.
Африка өлкөлөрүндө бир киши ар кандай долбоорлорду айтып берүү үчүн ар кайсы шаарларга барчу. Ал үчүн анын айткандарынын коомчулукка пайда алып келеби-жокпу, мааниси жок болчу. Бир жолку сапарында бир кедей шаарга туш келип калат. Адаттагыдай долбоорун айтып берип жатканында кызыкпаган эл бир-бирден чыгып кетишет. Ошол убакта кийими жок, 3-4 жаштардагы бир бала келип 3 доллар сунат да: “Айтууну уланта бериңиз, мен сизге ишенем. Келечекте билим алгым келет, мага жардам бериңиз” дейт. Ошого чейин ал адам долбоорлорду акча үчүн гана кыдырып, элдердин дүйнө таанымын өзгөртүү тууралуу кыпындай да максаты болбогон болсо, кичине баланын билимге болгон умтулуусу анын оюн түп-тамырынан өзгөртүүсүнө алып келет. Ошол окуядан кийин элдерге жан-дили менен жардам берүүгө өтөт. Кат жазууда биз дагы ушул  сыяктуу   оюбузду өзгөрткөн нерселерди жазуубуз керек.
Биринчи  кезекте кат конкреттүү бирөөгө (HR менеджерге, окуу жайга, жумуш берүүчүгө ж.б.) багытталышы керек. Каттын башында аталган компания, окуу жай ж.б. эмне үчүн кайрылып жаткандыгыңызды жазыңыз. Кайсы бир сайтка жайгаштырылган жарнама же фирмага жаш кадрлардын талап кылынгандыгы тууралуу уккандыгыңызды айтыңыз.
Талап боюнча кат 1-1,5 барактан ашпашы керек. “Аз, бирок саз” эрежесин колдонуу туура.

Жумушка өтүү үчүн кат

Каттын жогорку тарабында талапкер болуп жаткан кызматты  жазыңыз. Билимиңиз, кесиптик тажрыйбаңыз тууралуу маалыматты кошууну унутпаңыз. Эң негизгиси, сиз эмне үчүн бул кызмат же окуу жайга татыктуумун деп эсептегениңизди чечмелеңиз. Мисалы, “кардарлар жөнүндө маалыматты топтоодо, бардык деңгээлдеги менеджерлер менен иш алып барууда жакшы жактарымды көрсөтө алгам. Сиздер койгон талаптарды терең изилдеп көрүп, менин тажрыйбамдын сиздердин компанияңыздарга пайда алып келерине ишенем ж.б.”
Эгер буга чейин иш тажрыйбаңыз жок болсо, практика учурунда ээ болгон билимиңиз, жөндөмүңүз, берилген тапшырмаларды канчалык деңгээлде аткара алгандыгыңызды айтыңыз.

Окууга тапшыруу үчүн кат

Окууга тапшырууда жазган катыңыздын негизги максаты — кабыл алуу комиссиясын сизди тандап алышына ынандыра алуу. Жыйынтыктын сиз күткөндөй болушу үчүн ар кайсы факультеттин, өлкөнүн кабыл алуу комиссиялары катарды ар түрдүү критерийлер менен баалай тургандыгын эске алуу керек.
Баяндоолоруңуздан сиз тапшырып жаткан факультетке, бөлүмгө болгон кызыгууңуз көрүнүп турушу шарт. Катыңызда тажрыйбаңыз тууралуу (жумуш, изилдөөлөр ж.б), окуу курстары, семинар, китептер ж.б. сиздин ушул тармакты тандап алууңузга себепчи болгон маалымат булактары тууралуу кеп салыңыз.
Магистратура же докторантура талапкерлери тандаган программасында билим алуусу профессионалдык максаттарына жетүүсүнө кандайча жардам бере тургандыгы, аталган программа эмнеси менен кызыктыра алгандыгын түшүндүрүңүз.

Кабыл алуу комиссиясына эмнелер жакпайт?

  • Интернеттен көчүрүп алгандар, грамматикалык каталар, орунсуз кайталоолор сиздин окууга өтүү үчүн олуттуу мамиле кылбаганыңызды көрсөтөт.
  • Клише жана жалпы фразаларды ашыкча колдонуу сиздин портретиңизге эч кандай кызыктуу нерсени кошо албайт. Тескерисинче, катты окуган адамды эриктирет.
  • Таржымалды көчүрүп коюу. Андан көрө таржымалдагы маалыматтарды, маанилүү окуя, жетишкендиктерге кененирээк токтолуп, толуктап бериңиз.
  • Коомчулукта болуп жаткан кайчы пикирлерге ой-пикир билдирүүдөн качыңыз.
  • Көлөмдүү болушу — адатта университетке багытталган мотивациялык кат 1-1,5 беттен ашпашы керек. Эреже боюнча, ашыкча көлөм кайталоолорду көп колдонуудан келип чыгат.
  • Мурда окуган окуу жайын же өлкөсүн жамандоо. Эгер талапкер мурда окуган университетин, өлкөсүнүн билим берүү системасына нааразы болуп же жамандап, билдирме (заявка) таштап жаткан окуу жайда окуу кыялы экендигин жазган болсо, кат өз максатына жетпей калышы толук мүмкүн.

Стипендия алуу үчүн кат

Кандай гана академиялык стипендияга тапшырбаңыз (DAAD, Erasmus, Fulbright ж.б чет өлкөлөрдөгү стипендиялар), мотивациялык кат жазылууга тийиш. Бирок бул кат университетке өтүү үчүн жазылган каттан айырмаланып турат. Кабыл алуу комиссиясынан айырмаланып, стипендиянын демөөрчүлөрүн талапкердин окуудагы жетишкендиктери гана эмес, адамдык сапаттары да мааниге ээ: лидерлик көрөңгөсү, байланыш түзө билүү жөндөмү, максатты коё билүү, кыйынчылыктарды жеңе билүү ж.б.
Стипендия үчүн кат жазууда каржыга байланыштуу шарттарды: үй-бүлөнүн кирешеси, евро, доллардын курсу ж.б.  жазбаш керек. “Мен көптөгөн кыйынчылыктарды башымдан өткөргөндүгүмө байланыштуу стипендия алууга укуктуумун” десеңиз оюңуз ишке ашпайт. Демөөрчүлөр каржылык көйгөйлөрү барларга эмес, академиялык жетишкендиктерге ээ талапкерлерге ыкташат.

Каталар менен иштөө

—Кат жазылып бүткөндөн кийин бир жумага “унутуп” коюңуз, бир жума өткөндөн кийин катка башка адамдын көзү менен карап, каталарды көрө аласыз.

— Кайсы гана кесиптин ээси болбоңуз, орфография жана пунктуациялык сабаттуулук маанилүү. Себеби, сабаттуулук— окуп жаткан адамга болгон сыйыңыздын белгиси.

                                                    Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты