​Соттор майрамдап жатат. Суталиновдун иши дагы жылды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарык сотунда Улуттук Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун оор дартка кабылгандыгына байланыштуу, аны эркиндикке чыгаруу боюнча сунуштамасын карай турган сот отуруму болбой калды.

Сот отуруму 20-мартка жылдырылды.

Сот отурумунын жылдырылышы судьянын ооруп калганына байланыштуу деп айтылды. Бирок судьяын ооруп жаткандыгын далилдеген документ көрсөтүлбөгөнүн жактоочулар айтып жатат.

Бүгүн соттордун майрам күнү. Ал эми Мурат Суталинов иши каралышын чыдамсыздык менен күтүп келет.

Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир канча балдардын курман болгондугуна байланыштуу окуялар боюнча айыпталып, үй-мүлкү конфискацияланып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Абакта УКМК экс-башчысы онкологиялык дарттын оор стадиясына туш болуп, Улуттук онкология борборунан химия терапия дарылоо курсун алууда.

Аны дартына байланыштуу эркиндикке чыгаруу боюнча Жаза аткаруу кызматынын сунуштамасын Ленин райондук соту канааттандырган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты