​Ак калпакты аздектейли

  • 5 лет мурун

Кыргыз баласы баш кийимин аздектеп, барктап-баалап келген. Ак калпак күнү 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жатат.

Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары белгилөө максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.

КР депутаты Алтынбек Сулайманов кесиптештерин күнүгө болбосо да, бүгүн ак калпак кийүүгө чакырды:

“Достор, Ак калпак күнүңүздөр менен! Куттуу баш кийимди күндө кийбесек да, бүгүн башыбыздан түшүрбөй жүрөлү» деди.

КР депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Кылымдар бою кыргызды кыргыз кылып айырмалап, таанытып жүргөн Ак калпагыбыз элибиздин ыйыгы болуп жүрө берсин!” деп ак калпак кийүү эстафетасын улантты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты