​Адабий сынчы, философ, профессор Теңдик Аскаров дүйнө салды

  • 5 лет мурун

82 жаш курагында, 4-мартта сынчы, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Теңдик Аскаров дүйнөдөн кайтты.

Теңдик Аскаров 1937-жылы Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган. Фрунзедеги № 5 мектепти, 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филоглогия факультетин аяктаган.

1964-жылы Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун окумуштуу секретары болгон. “Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редакторунун орун басары, ЛКЖС БКнын пропаганда жана агитация бөлүм башчысынын орун басары, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун секретары, СССР Жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрт жолку чакырылышынын депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты