​Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде түрк даамдары тартылды

  • 5 лет мурун

Дүйнөгө атагы чыккан жылдыздар катышкан Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде түрк даамдары тартылды.

Бул тууралуу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түрк ашканасынын атагын алыска таанытуу максатын көздөгөн Түркиянын “Орток муундар интеграциясы” (T-ONE) фондунун көмөгү менен Түрк даамдары бул жылы да Оскар сыйлыгынын салтанаттуу аземинде тартууланды.

Лос-Анжелесте өткөрүлгөн Оскар сыйлыгын тапшыруунун 91-салтанаттуу аземинин катышуучуларына тартуулана турган тамак менюсун даярдоо үчүн Түркиянын ашпозчулары Йигит Мирзаоглы менен Жихан Кыпчак чакырылды.

Тамактардан бири “Алиназик” – эт жана баклажандан жасалган Газиантеп аймагына таандык салттуу тамак.

Мындан тышкары 500 жыл мурун Осмон Империясынын сарай ашканасында даярдалган “Алча жана Зайтун майы менен жалбырак сармасы”, Эге ашканасынан “Лавр жалбырагынан жасалган леврек” жана Кайсеринин салттуу “Май мантысы” тартылды.

Түркиянын белгилүү таттуулары жана 10 кылым мурун Осмон падышаларынын мартабалуу конокторуна сунган “Анар шербети” берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты