Дүйшөналы Султанкулов Антуан де Сент Экзюпери атындагы сыйлык алды
- 4 years мурун
Дүйшөналы Султанкулов Антуан де Сент Экзюпери атындагы эл аралык адабият сыйлыгына татыктуу болду .
Кесиби боюнча физика мугалими Дүйшөналы Султанкулов француз жазуучусу Антуан де Сент Экзюпери атындагы эл аралык адабий сыйлыкты жеңип алганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Дүйшөналы Султанкуловдун айтымында жакын арада француз жазуучусу Антуан де Сент Экзюпериге арналган “Смысл жизни” (“Жашоо маңызы”) аталышындагы жыйнакка чыгармасы жарыяланат.
Султанкулов 1950 – жылы туулган. 1973 – жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, физика мугалими адистигине ээ болгон.Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Муну бөлүшүү