Бизнес-омбудсмендин байкоочу кеңеши түзүлдү
- 4 жыл мурун
Бизнес-омбудсмен байкоочу кеңешине туруктуу негизде 5 ассоциация кирди. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Алар:
1. AmCham—Американын Кыргызстандагы соода палатасы;
2. Базар, соода жана тейлөө тармагынын ишканалары;
3. Эл аралык Ишкерлер кеңеши;
4. Бизнес-ассоциациялардын юридикалык тараптарынын Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) бирикмеси;
5. КР Соода-өнөр жай палатасы
Жобо боюнча дагы эки бизнес-ассоциация ротацияоык негизде кирүүсү каралган. “Легпром” жана Кыргызстандын банктар бирикмеси, Байланыш операторлор ассоциациясы жана Ишкерлер Кеңеши да кирмекчи.
Бизнес-омбудсмендин байкоочу кеңешинин жыйыны жакын арада болоору кабарланды.
Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Муну бөлүшүү