Кыргызстандагы органикалык азыктар кайсылар?

  • 5 лет мурун

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев бүгүнкү күндө 7785 гектар жерге органикалык айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Кара өрүк, Баткен өрүгү, пахта, дары чөптөр органикалык жактан таза делип, экспорттолуп жаткандыгы белгилүү болду.

Ошол эле маалда Кыргызстандагы малдын эти антибиотиктер колдонулгандыктан, органикалык азыкка кирбейт.

Бирок өлкөдөгү малдын этин толугу менен органикалык азык катарына киргизүүгө мүмкүнчүлүк, бир катар стандарттар бар.

Бул тууралуу министрдин орун басары Эркинбек Чодуев. бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты