Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга беш күндүк иш сапары менен барды. Орусиялык ММКлар бул сапарды Атамбаевдин Президенттик мөөнөтү бүтүп баратканына байланыштырып, “Коштошуу сапары” катары сыпаттап чыгышты.

Сапардын жүрүшүндө Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Тиешелүү протоколго кечээ Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюлат. Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албай турганын айтты.

Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам көргөзүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бүгүн да каржы министрлерибиз Кыргызстандын Орусия алдындагы калган карыздарынын баары кечилүүсүн караган протоколду алмашышты. Мен Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм” — деди Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында.

Владимир Путин өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Орус мамилесин бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кремлдеги сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду.

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечтиАлмазбек Атамбаевди кыргыз чиновниктеринен турган делегация коштоп барган. Алардын Кремлде жүргөнүн Орусиялык басылмалар “улам бир жерге тура калып сүрөткө түшүшүп, түбөлүккө бул элести калтыргылары келип” деп шылдыңдап жазып чыгышты. ЖК депутаты Сайдулла Нышановдун дал ошентип сүрөткө түшүп жаткан учуру интернетке жарыяланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты