​Бир чакырым жолго 1 млн 600 миң сом жумшалат

  • 5 лет мурун

Бишкек-Кара-Балта автомобиль жолунун ар бир чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат.

Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Алдын-ала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», — деди министр.

Андан тышкары, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу графиктен бир аз кечигип жатканы белгилүү болду. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты