​Журналист Бабакулов Франциядан баш паанек алды

  • 5 лет мурун

Журналист Улукбек Бабакулов 25-февралда Франциянын Качкындар жана жарандыгы жоктор иштери боюнча башкармалыгынын саяясий баш паанек берилгендиги боюнча билдирүү катын алган.

Анда аталган башкармалыктын укуктук жана адмиистративдик коргоосу астында болоору кабарланган.

Бул тууралуу “Фергана news” билдирди.

Журналист азырынча Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдугуна кайрыла албайт, кайрылса качкын статусу жокко чыгарылары эскертилген.

2017-жылдын 27-майында Кыргызстанда Улукбек Бабакуловго улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле жылы журналист Кыргызстандан чыгып кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты