​Тажикстанда онго жакын курулушчу 33 метр бийиктиктен кулап түштү

  • 5 лет мурун

Дүйшөмбү шаарынын борбордук мечитинде иштеп жаткан онго чукул курулушчу 33 метр бийиктиктен кулап түштү.

Прокуратура бул факт боюнча териштирүү ишин баштады.

“Окуя 25-февралда мечиттин төбөсүндө монтаж иштери жүрүп жаткан маалда болду. Күтүүсүздөн шаты кыйрап, курулушчулар жерге кулап түшүштү. Болжол менен сегиз киши “тез жардам” унаасы менен Улуттук медициналык борборго жеткирилди», – деди жумушчулардын бири.

Борбордук мечитте иштеген башка бир курулушчу Мухаммадали Султоновдун айтымында, жумушчулар коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес.

Курулушчулар ирандык компанияда иштешкен. Улуттук медициналык борбордон билдиргендей, жабыр тарткандардын биринин абалы оор.

Борбор Азиядагы эң ири мечиттин пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Ал 12 гектар аянтты ээлейт. Анын долбоору Тажикстан жана Катардын адистери тарабынан даярдалган.

Дүйшөмбүнүн Борбордук мечитине бир эле учурда 120 миң киши батат.

Ал Түркмөнстандагы «Түркмөнбаши Рухы», Кыргызстандагы «Имам Сарахси» мечиттеринен да чоң болмокчу.

Долбоордун наркы 100 миллион долларга бааланган. Анын 70 пайызын Катар, 30 пайызын Тажикстан өкмөтү каржылайт.

Учурда объектиде 300дөн ашуун киши иштейт, пландалган жумуштардын 75 пайызы бүттү.

Бул тууралуу Борбор Азия маалымат кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты