​Чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган бюджеттик каражаттын биринчи жолу кайтарылышы

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-февралда, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уэллс менен жолугушту.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара кызматташтыкты жандандыруу зарыл экенин белгиледи.

Элис Уэллстин Бишкекке келиши учурунда Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү мыйзамсыз чыгарып кеткен 4 млн дон ашык АКШ долларын Кыргызстанга кайтаруу боюнча билдирүүгө кол коюлган.

Бул тууралуу Тышкы иштер министри билдирди.

Бул акчанын кайтарылышы Кыргыз Өкмөтүнүн акыркы 8 жылдык ишинин жемиши экенин белгилеп кетүү керек.

Бул өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган бюджеттик каражаттын биринчи жолу кайтарылышы.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты