Алгыр куштарга идентификациялык карта (паспорт) алынат

  • 5 лет мурун

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда алгыр куштардын идентификациялык картасын (паспортун) жана аларды айланып учуруунун тартибин бекитти.

Атайын микрочип алуу жана ар бир алгыр кушка өздүк паспорт даярдоо талап кылынмакчы. Буга байланыштуу Мамлекеттик агенттик идентификациялык карта (паспорт) даярдап чыгарды.

Алгыр куштарга идентификациялык карта (паспорт) алуу үчүн арыз берүү жеке адамдар жана юридикалык тараптар үчүн 2019-жылдын август айына чейин жүргүзүлмөкчү.

Алгыр куштарга берилүүчү тийиштүү талаптарга ылайык документтер жок болсо, ал мыйзамсыз деп табылып анын ээсине 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстердин нормаларына ылайык айып пул салынат.

Мындан тышкары 2013-жылдагы Өкмөттүн токтомуна ылайык Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыян үчүн юридикалык жана жеке жактарга төмөндөгүдөй айып пулдар белгиленген:

Шумкарды мыйзамсыз пайдаланууга -250 миң сом;

Бүркүттү мыйзамсыз пайдаланууга – 100 миң сом;
Ителгини мыйзамсыз пайдаланууга – 25 миң сом айып салынат.

Кыргызстанда алгыр куш кармагандардын саны 200 дөн ашуун. Алардын ичинен Мамлеккеттик агенттик тарабынан аңчылык күбөлүгүн алгандардын саны 100 гө жакынды түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты