Атамбаев: КСДПны бир күнү өткөрүп берем

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 22-февралда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айтты.

— Атамбаев дайыма эле партияны башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп берем. Бирок партияны ким башкарса да мен ишенем — партия өзүнүн духун, жүрөгүн сактап калат, — деди Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев басма сөз жыйынынын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты.

Бишкекте КСДПнын мүчөлөрү басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. Ага партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси жана партиянын башка мүчөлөрү катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты