«Директору окуучуга сексуалдык ыдык көрсөттү» деген мектепке эч кимди киргизбей жатышат

Бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина Бишкектеги “Манас” университетинин аймагында курулган Түрк мектебинин директору Амер Айдындын 9 жашар кыргызстандык окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу билдирген эле.

Кабарчыбыз аталган мектепке барып, жетекчиси менен сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок, кароолчусу Амер Айдын элчиликке кеткенин, учурда мектепке эч кимди киргизбей жатканын айтып, кабарчыбызды киргизген жок.

Ал эми Билим берүү министрлиги аталган маселе боюнча билдирүү даярдап жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты