Ош-Баткен-Исфана жолу: Кандай реконструкцияланууда?

Прездиент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштары менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктады, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталды, жаңы көпүрөнүн курулушу 85% аяктады, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

Ислам өнүктүрүү банкы реконструкциялоонун донору болуп саналат. Курулуш иштериндеги техникалык көзөмөлдү «Спектрум Инжиниринг Консалтантс» (Ливан) консультативдик компаниясы ишке ашырууда.

Курулуш иштерине 12 жол куруу техникасы жана 62 жумушчу тартылган.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты