Экс-президент Атамбаевди сотко беришти

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана Каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашовду паспорттон улуту тууралуу 5-графаны алып салгандыгы үчүн Аламүдүн райондук сотуна беришти.

Сотко Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келген Хайдарали Халиков аттуу жаран берген.

2013-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген жаран мындай деди:

“Биз өз улутубуз тууралуу жазууну паспортто сактап калууну каалаганбыз. Бирок Атамбаев менен Сарпашев улут тууралуу жазууну паспорттон алдырып таштады. Бул мыйзамсыз” деди Халиков.

Андан улам келтирилген моралдык зыянды ал 6 миллион сомго баалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты