Көчмөндөр оюндары жылына облуста өткөрүлүп турат

“Көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик”, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысв Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага 60к а жакын өлкө өкүлдөрү катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

“Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас Ордодо- Талас облусунан баштайлы деп жатабыз.

Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт”, — деп белгиледи Жээнбеков.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты