Быйыл Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду

  • 10 месяцев мурун

«Алтын-Аймак» ишканасы 2025-жылдын башынан бери Баткенден АКШга 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттогон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган, суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ.

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп, чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары.

Сезон маалында ишкана эки сменде 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты