Кыргызстанда 1,5 миң көчөнүн аталышы жок

«Кыргызстанда 1, 5 миң көчөнүн аталышы жок» деп айтты Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов 20-февралдагы Өкмөттүк жыйында.

Анын билдиришинче Кыргызстанда 29 миң көчө бар, анын 1591 и же 5,3 пайызынын аталышы жок.

Республика боюнча аталышы жок көчөлөр – 5,3% болсо, алардын көп бөлүгү Бишкек шаарында – 11,7%, Ош облусунда – 9,0, Талас жана Баткен облустарында – 6,7%.

Аталышы бар, бирок тактачалары илинбеген көчөлөр 32,7%, ал эми катар саны коюлбаган үйлөр 34,0% түзөт.

Бул эл каттоого бир кыйла тоскоолдук келтирет.

“Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номер коюу иштери аксап келе жатат», – деп баса белгиледи Боронов.

2020-жылы Кыргызстанда эл каттоо жана турак жай фондун каттоо иши жүргүзүлөт. Пилоттук негизде быйыл 25-марттан 3-апрелге чейин Чүй районунда жана Токмокто эл каттоо өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты