Президент Баткен, Жалал-Абад облустарына барат

Бүгүн, 20-февралда, мамлекет башчы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.

Бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты