Султанов: “Эл каттоо калктын санын так эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет”

2020-жылы эл каттоо жана турак жай каттоо жүргүзүлөт.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов белгилегендей, кезектеги каттоонун мурдагы каттоолордон негизги айырмасы, КМШ жана ЕАЭБ мамлекет-мүчөлөрүнүн улуттук каттоо программасына эмгек жана миграция маселелеринин моделдик блогун каттоо барактарына киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, бүткүл дүйнөлүк каттоонун бул раунду КМШ мамлекеттеринде иш жүзүндө бир учурда өткөрүлөт жана бул Шериктештиктин ар бир өлкөсүндө, жана КМШ да жалпысынан калктын санын кыйла тагыраак эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты