Эл каттоо жана турак жай каттоо иши жүргүзүлөт
- 6 лет мурун
- Маек
Эл каттоо жана турак жай фондун сынамык (пилоттук) каттоо Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт.
Бул тууралуу Кубатбек Боронов 2020-жылы эл каттоо жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында билдирди.
«2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Эмдигиче өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат», – деп баса белгиледи Боронов.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!