КТРК баш директору 28-февралда шайланат

КТРКнын Байкоочу кеңеши билдиргендей, 28-февралда баш директор шайланат

Мурда КТРК жетекчисин шайлоо 14-мартта болору айтылган.

Биринчи этапта кабыл алынбай калган талапкерлердин документтери толукталды.

Баш директорлук орунга 19 талапкер ат салышмай болду.

Бардыгы болуп, бул орунга мурда 22 талапкер чыккан. Үчөөнүн документтери кабыл алынган эмес.

Коомдук теле-радио компаниясынын жетекчиси төрт жылда бир жолу шайланат.

КТРК жетекчисине талапкер болуш үчүн жогорку билим, жетекчи орунда 5 жылдан кем эмес тажрыйба, мамлекеттик тилди жана теле-радио өзгөчөлүктөрүн жакшы билиши, диний же саясий уюмга мүчө болбошу шарт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты