Көпчүлүк жерлерде жаан жана кар жаайт

Бүгун, 20-февралда, Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө- түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Таласта- түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө- түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абад,Баткенде- түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарында- түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте- түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 2…4 градус болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты