Сот Хашим Зайналиевдин ишмердигине тыюу салды
- 6 лет мурун
- Маек
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту элдик дарыгер Хашим Зайналиевдин дарылоо ишмердигине тыюу салуу тууралуу райондук прокуратуранын арызын канаттандырды.
Соттун бул чечими күчүнө киргенден кийин Зайналиевдин мыйзамсыз иши токтотула тургандыгын Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабырлануучулардын доосу жок болгондугуна байланыштуу элдик дарыгер Хашим Зайналиевге козголгон кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.
Зайналиевдин лицензиясыз онкологиялык оор дартка кабылгандарды дарылоо менен алектенгенине Саламаттык сактоо министрлиги да каршы болуп келген. Буга чейин бир нече жолу Зайналиевге козголгон кылмыш иши кыскартылган болчу.
Сүрөт: Интернет булактарынан.