Сапар Исаков жана башкалардын баш коргоо чарасы неге өзгөртүлгөн жок?

Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборундагы коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков жана башкалардын жактоочулары суранган баш коргоо чарасы эмнеге өзгөртүлбөй калганына түшүндүрмө берди.

Бишкек шаардык соту билдиргенлей, Свердлов райондук сотунун өндүрүшүндө Жылуулук электр борборунун Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Ольга Лаврованын кылмыш иши турат. Булар коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу, анын негизинде мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым 5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом болгон, ал азыркы күнгө чейин орду толтурулган жок.

18-февралда болуп өткөн алдын-ала соттук угууда Артыкбаев, Сатыбалдиев, Исаков, Авазов, Калиевдин жактоочулары аларга баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылган. Свердлов райондук соту алардын өтүнүчүн канаттандырган жок.

Анын себеби айыпталуучулар өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталып жатат, аларга коюлган айып боюнча 15 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылат. Мамлекетке келтирилген 5 миллирад 439 миллион 527 миң 482 миң сомдун орду да толтурулган жок.

Айтылган жогорудагы жагдайды эске алып, сот айыпталуучулардын мурда коюлган баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок деп билдирет Бишкек шаардык соту.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты