Өздүк камсыздандыруу эсебиндеги маалыматты кантип билсе болот?

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жарандар үчүн өздүк камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билүү жана on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгондугун билдирет.

Камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсеби бул анын жекече идентификациялык номери. Өздүк камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтар жарандын пенсияга укугун жана пенсиясынын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулат.

Ал үчүн жаран электрондук дарегин көрсөтүп, инсандыгын ырастоочу документ жана арыз менен Социалдык фондго же анын аймактык башкармалыгына кайрылышы керек.

Эми жарандар каалаган убакта жана өлкөнүн, дүйнөнүн каалаган бурчунан порталга кирип, жеке идентификациялык номерин терип, өздүк камсыздандыруу эсебинен ыкчам маалымат алуу, пенсиясынын толуктугун жана тууралыгын текшерүү, аны толуктоо жана өлчөмүн болжолдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Портал аркылуу өздүк камсыздандыруу эсебинен алынган маалыматты медициналык мекемеге, коммерциялык банктарга ж.б. көрсөтүү үчүн дагы пайдаланууга болот.

Бүгүнкү күндө on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн 2 700 жаран катталган.

Өздүк камсыздандыруу эсеби жарандарга пенсия чектөөгө чоң мүмкүнчүлүк берет.

Айта кетсек, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 5682 сомду түздү. Пенися алуучулардын саны 651,9 миң киши,

Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты