Сапар Исаковдун жана башкалардын соту 27-февралда уланат

Сапар Исаковдун жана башкалардын соту 27-февралда уланатБишкек электр борборун модернизациялоо ишиндеги коррупция фактысы боюнча борбор шаардын Свердлов районунда экс-премьер-министри  Сапар Исаковдун жана дагы 7 аткаминердин соту кийинки шаршемби, 27-февралда уланат. 

Бишкек электр борборун модернизациялоо боюнча экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика экс-министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын экс-төрагасы Айбек Калиев, экс-орун басар  Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун экс-аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана финансы экс-министри Ольга Лаврованын сот ишинин баштапкы угуусу  бүгүн, 18-февралда, болду.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында бүгүнкү соттук отурум баштапкы угуу. Кийинки сот  процесси келерки шаршемби, 27-февралда уланат.

Атттары аталган 8 киши Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүү жана андан мамлекетке келтирилген 111 млн доллардан ашуун каражат зыян келтирилди деген кылмыш иши боюнча айыпталууда.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты