“Коопсуз шаар”: Унаа тыгыны болуп жатат

“Коопсуз шаар”: Унаа тыгыны болуп жатат“Коопсуз шаар” долбоору киргенден бери, айдоочулар жол эрежесин сактагандыктан, айрым жерлерде унаа тыгыны пайда болуп жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын кеңешмесинде сөз болду.

Ошондуктан кошумча жол белгилери жана сфетофорго кошумча секциялар киргизилгени жатат. Алсак:

—7-апрель жана Горький көчө кесилиштеринде;

—Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспект кесилишинде:

—Чүй проспекти менен Фучик көчөсүндө светофорго кошумча секция киргизилмекчи.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды, шаардыктарды  Чүй проспектиси менен Жаш гвардия бульвары тарапта жөө жүргүнчү өтө турган тилкеде (зебра) тыгын арбын пайда болду. Эгер жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар жана коомдук унаа ээлери макул болсо, ушул жол белгини алып салууну көздөп жатат.

Сунуштарды: [email protected] жана вотсап  номерине 0553013777 жиберүүңуздөрдү Бишкек шаардык мэриясынын  басма сөз кызматы өтүнөт. Ошондой эле Bishkek312  мобилдик тиркемеге “Тарнаспорт” бөлүмү  деп жибериңиздер.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты