Шашылыш билдирүү: Кар жаап, күн сууктайт
- 6 лет мурун
- Блог
Өзгөчо кырдаалдар министрлиги 19-22-февралда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктай тургандыгы боюнча шашылыш билдирүү таратты.
19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт.
21-22-февралда Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-22-февралда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6°;
21-22-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°; Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°; Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°;
Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда карт күрткүсү күтүлөт.
Сүрөт: «ПолитКлиниканыкы».