Борбордук казына башчысынын орун басары жеке компания кызыкчылыгын көздөгөн

Борбордук казына башчысынын орун басары жеке компания кызыкчылыгын көздөгөнБорбордук казыналыктын директорунун орун басары Н. Кожобергенов жеке компанияда аудитор болуп иштеп,  өткөрүлгөн тендерге катышы болгондугу аныкталды. 

Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Н. Кожобергенов мамлекеттик кызматчы болуп туруп, жетекчисинин макулдугусуз «Аудит Профи Групп» компаниясында шеф тренер – аудитор ишин иштегендиги аныкталды.

Ал “Профи Групп» компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, белгиленген тартипте конкурс жана тендерлерге катышуу үчүн өзүнүн квалификациялык жана эл аралык сертификаттарын пайдаланууга уруксат берген.

Бул анын мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактабагандыгын, кызыкчылыктардын кагылышы болгондугун күбөлөндүрөт жана анын мамлекеттик кызматта иштеп калышына шек келтирет.

«Аудитордук ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамдын 1-беренесине ылайык, аудитордук ишмердүүлүк уюмдардын жана жеке ишкерлердин финансылык отчёттуулугун көз карандысыз текшерүү (аудит жүргүзүү) жана аны менен кошо көрсөтүлүүчү кызматтарды көрсөтөт.

Ушул маалыматка байланыштуу жана жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн негизинде Н. Р. Кожобергеновдун кызмат орунуна ылайык келээри же келбегени тууралуу маселени кароо сунушун киргизди.

Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты