13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарды

  • 2 года мурун

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жабыркаган кыздын атасынын маалыматына таянып жазды.

«Азаттык» билдиргендей, 12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилишкен эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарып, 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды.

«Шаардык сот Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеген 34 жаштагы кызматкердин жаза мөөнөтүн тогуз жылга чейин азайткан чечим чыгарды. Биз бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылабыз жана адилеттикти камсыздап беришин өтүнүп президент Садыр Жапаровго да жазабыз», — деп билдирген кыздын атасы.

Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арызды Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болгон айыпталуучулар жазган.

13 жашар наристени зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши — эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга кесилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты