№13 Сузак шайлоо округу: Шайлоо тилкесинен башка жерлерде 70 шайлоочу добуш берди

  • 1 месяц мурун

№13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунда шайлоо тилкесинен башка жерлерде 21-сентябрда 70 шайлоочу добуш берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-сентябрда билдирди.  

Мурда маалымдалгандай, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү боюнча 81 арыз түшкөн, анын ичинен 32 киши карылыгы боюнча, 22 киши ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу, 27 киши ден соолугуна карап шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү ниетин билдирген.   

БШКнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жалпысынан 7 талапкер, анын ичинде бир аял катышууда.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты