№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо 22-сентябрга дайындалды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров «№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

 № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына, жекшембиге дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты