Клара Алибекова: «Жүрөгүмдүн ээси бар, бирок айранды үйлөп ичүүдөмүн»

Клара Алибекова: «Жүрөгүмдүн ээси бар, бирок айранды үйлөп ичүүдөмүн»

Биз кичинекей кезибизде «Кыргызымдын жигиттери», «Классташым» деген ырларды угуп чоңойдук. Ошол убакта Клара Алибекованын популярдуу болуп турган чагы, көптөгөн күйөрмандары жакшы көрүп, ар бир үйдө ырлары жаңырып турчу. Азыр болсо чыгармачыл чөйрөдөн алыстап, секелек ырчы кыздан мээримдүү энеге айланган  Клара айымдын азыркы жашоосу, алдыга койгон пландары тууралуу маектештик.

—Клара айым, көптөн бери чыгармачылыгыңызда тыныгуу болуп калды, азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

 —Азыркы учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам, буюрса жакын арада күйөрмандарымды сүйүнтөм. Уулум 13 жашка чыгып, чоңоюп калды. Ушул уулумду чоңойтуп, татыктуу тарбия берейин деп аракет кылып атам, ата ордуна ата болуп, эч нерседен кем кылбайын деп атып чыгармачылыктан да алыстап кеттим окшойт.

—Байыш мырза уулуна каралашабы?

—Уулумдун атасы баласынан кабар алып, анда-санда сурап турат, бирок мен андан эч нерсе сурабайм. Ушул убакка чейин бардыгын өзүм камсыз кылып келем.

—Каражат жагынан ким жардам берет? ДегенимКлара Алибекова: «Жүрөгүмдүн ээси бар, бирок айранды үйлөп ичүүдөмүн» жалгыз бой болсоңуз, иштебей отуруп да калдыңыз…

—Кандай десем, каражат жагынан ушул убакка чейин бир туугандарым, ата-энем жардам берип келет. Аларга аябай ыраазымын. Демөөрчүм жок. Менин чыгармачылыгымды колдоп, кичине чагымдан мага каралашып жүргөн улуу агам бар болчу, тилекке каршы азыр ал агамдан айрылып калдым. Ошол агам мага колума кол, бутума бут болуп көп жерден билгизбей, жардамын аячу эмес. Азыр болсо кээде той-топурга, концерттерге чакыруулар болуп калат, ошолорго барып калам, шүгүр, жашоом уланып атат.

—Стресстен кантип чыгасыз?

—Кудайым ар бир пендеге сыноо берет экен, кээ бирөө аны көтөрө алат, кээ бирөө сынат, ошондо адам стресске кабылат го дейм. Мен жашоодо көптөгөн сыноолорго кабылдым. Негизи чыгармачыл адамдар назик болот окшойбуз, менин мүнөзүм назик экен, бир нерсени жүрөгүм менен кабыл алам, жашоодон сындым, депрессия болдум. Бирок акырындык менен баары ордуна келет экен, убакыт гана керек экен. Менин алдыга койгон максаттарым бар, буюрса, кыргыз элимдин алдына чыгып дагы да кызмат кылам деген үмүттөрүм бар.

—«Кыргызымдын жигиттерин» ырдап чыккан Клара менен азыркы Кларанын айырмасы барбы?

 —Албетте бар, мен элдин алдына ырдап чыкканда 5-класста болчумун. Андан  бери 24 жыл өтүп кетиптир. Мен кичине кезимде тың, энергиям күчтүү, жемимди жедирбеген кыз болчумун. Ал убакта талантым ташкындап аткан учур экен. Ал кезде мага сахнада ырдоо гана керек болчу. Азыр ойлонуп көрсөм, мени көбү колдонушуптур, кичинекей кыз болгонум үчүн көп нерсени түшүнбөптүрмүн. Күн-түн дебей ырдап, гастролдоп кетчүбүз. Тыныгуу эмне экенин билбептирмин, болгон энергиямды ошол убакта эле жумшап салган окшойм (күлүп).  Азыр болсо мен өтө эле токтоо мүнөз, бирөөнүн ою менен болгон, бошмун. Кээде өзүмдүн жумшактыгымдын да азабын көп тартам. Таң калам, неге мындай болуп калдым деп.

—Сынга кандай карайсыз, Интернет булактарында кээ бирөөлөр сизди жасалма күлөт, жасалма сүйлөйт деп калышат, аларга кантип жооп бересиз?

Клара Алибекова: «Жүрөгүмдүн ээси бар, бирок айранды үйлөп ичүүдөмүн»—Мени интернеттен көп эле сындашат, мен андай нерселерге терикпейм, туура эле кабыл алам.  Анткени мен өзүмдүн боштугумду, жумшактыгымды сезем, бирок болгон күлгөнүм ушул, жасап да сүйлөбөйм, күйөрмандарыма ошондой сезилсем керек. Көптөгөн кемчиликтерим бар, аларды жоюуга аракет кылам.

—Продюсер менен иштешесизби?

 —Жок, иштешип да көргөн эмесмин. Мен чыгып жаткан учурда талантыбыз менен, жандуу үн менен концерттерди койчубуз, бардыгына өзүбүз жүгүрчүбүз. Азыр болсо ырчылар сахнага чыгып ырдаганды гана билишет, калганы бүт продюсерлеринин мойнунда.

Азыр техниканын өнүгүшү менен ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле компьютердин жардамы менен ырдап чыгып атышат, азыркы жаш ырчыларга жеңил. Анткени биздин убакта баары башкача болчу. Мага болгону сиңдим Жанара жардам берип атат, ал менин досум дагы, кеңешчим дагы, продюсерим дагы десем болот.

—Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

 —Бар, бирок бул азырынча сыр бойдон калсынчы. Бир жолу жаңылдым, ал убакта эми мен жаш болчумун, көп нерсени билчү эмесмин. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» демекчи, уулум да чоңоюп калды,  кийинки кадамымды жакшылап ойлонуп анан ташташым керек.

—15-20 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

—Эми өзүмдү небере күткөн бактылуу чоң апа, анан жубай катары элестетем, буюрса.

Маектешкен Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты