Билим берүү министри менен орун басары сөгүш алды

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен анын орун басары Надира Жусупбековага сөгүш берилди.

Билим берүү министри менен орун басары сөгүш алды

Бүгүн өкмөттүк жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул тууралуу билдирди.

Министр жана анын орун басары окуу китептериндеги мүчүлүштүктөр үчүн сөгүш алышты.

14-февралда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, акыркы убактарда басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүн баса белгилеген.

 

Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууда коррупцияны жоюуну, окуу китептерин иштеп, басып чыгарууда, таратууда бюджеттик жана донорлук акчаны максаттуу пайдаланууну министрден талап кылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты