Төлөбек Нурдинов: “Бренд болуш үчүн генийлик менен тентектик айкалышышы зарыл”

 Төлөбек Нурдинов: “Бренд болуш үчүн генийлик менен тентектик айкалышышы зарыл”

Kozu Grill”, “Tay-Tay baby”, “Supara”, “Toyboss”, “Aynekstan”, “UBS transit”, “Чарпая” бренддери Кыргызстандагы өзгөчө бренддердин сап башында турат. Аталган бренддердин айрымдары Кыргызстанда эле эмес чет өлкөлөргө чыгып, Америка, Казакстанга да таанылууда. Өзгөчө бренддердин автору Төлөбек Нурдинов жакында  эле “Гений тентек” аттуу китебин жарыкка чыгарды.

—Дизайнер болууңузга эмне түрткү болгон?

—Негизи атам сүрөтчү киши болгондуктан кичинекейимде атамдан таасирленгенмин. Түркиянын Конья деген шаарында окуп жүргөндө досторум менен дизайн ишин баштаганбыз. Андан кийин Стамбул шаарына барып иштеп калдым. Стамбулга барганда Коньяда жасаган дизайндарыбыздын эптеп-септеген нерселер экенин түшүндүм. Стамбулда деле дизайнды мыкты жасаган жерлер өтө көп эмес. Ишим оңунан чыгып Түркиянын эң таанымал “Marka” реклама агенттигинде эки жарым жылдай арт-директор катары иштеп келдим. Ал жакта “Audi”, “Porsche”, “Hyundai”, “Coca-Cola”, “Vestel”, “JVC”, “Fanta”, “Pizza”, “Hut”, “Toshiba” сыяктуу дүйнөлүк бренд болгон компаниялардын жарнамалары кылынат. Андан кийин Кыргызстанга келдим. Бул жакка келгениме беш жылдан ашты.

—Түркияга атайын дизайнерликти өздөштүрүш үчүн баргансызбы?

—Жок. Түркиянын Кайсери шаарындагы Эрджиес университетине электроника-инженерия факультетине өткөм. Бирок ал жакты таштап дизайнерлик ишке кеттим. Андан кийин дизайнерлик боюнча Коджаэли университетине тапшырдым. Ал жерде архитектура-дизайн боюнча окудум. Ошол учурда үйлөнгөндүктөн  окууну таштоого туура келди. Түркияда он жыл жүрдүм.

—Түркияда жарнама индустриясы жакшы өнүккөн. Кыргызстандагы жарнама эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

—Кыргызстанда жарнамалардан өтө көп ката кетет. Эгер бул каталарды элдер түшүнбөсө, ал каталар улана берет. Дизайнерлер болобу, ПРщиктер болобу өз ишинин кооздугу менен алек болуп атып, реклама башка нерсе экенин унутуп калган. Түркияда деле ошондой. Бирок күлкүлүү же креатив эмес, саттыра турган рекламаны үйрөнөм десең Түркия эң туура жер.

“Marka” агенттигине киргенге чейин көптөгөн дизайн жана Төлөбек Нурдинов: “Бренд болуш үчүн генийлик менен тентектик айкалышышы зарыл” реклама студияларында иштегем. Жасаган логотиптерим дүйнөлүк дизайн сайттарына чыгып калса же ойлоп тапкан рекламам аябай “тонкий юмор” менен болсо өзүмдү аябай акылдуу сезип калчу элем.  Ага чейин эч ким “Фирмаларга кооз дизайн эмес, товары сатылышы керек!” деп айткан эмес. Өздөрү деле билчү эмес. Рекламанын эң негизги милдети кардардын ишин жүргүзүп, анын товарын брендге айлантышы керек. Биз ушул нерседен аксап келебиз. Реклама берүүдө стратегия болуш керек. Башкалардан айырмалантып, алдыга чыгара турган стратегия болбосо реклама көп ишке жарабай калат.

—Жакынкы күндөрү эле жарыкка чыккан “Гений тентек” аттуу китебиңиз тууралуу айтып кетсеңиз…

—Китепте он эки жыл бою алган тажрыйбам, үйрөнгөн нерселерим камтылган. Китепти Түркияда жүргөндө эле жазып баштагам. Отуз беттей жазып ыргытып таштагам. Бирок жети жылдан бери жазам деп ниет кылып жүргөн болчум. Бир жарым жылда басмага даярдап, жазып бүттүм. Китепте адам, өлкө жана продукт кантип бренд болоору жазылган. Маркетинг стратегиялары, басма рекламалары, логотиптер, маркетинг аспаптары таасирдүү болуш үчүн кандай жасалышы керектиги камтылган.

—Товар дароо эле брендге айланып кете албайт. Аны кантип брендге айландыруу керек?

—Бренд – бул ишеним. Ишеним болушу үчүн элдер биринчи сени таанышы керек. Андан да маанилүүсү  — аткарган ишиң сапаттуу болушу керек. Башкача болушу керек. Тентек деген сөз ошондон улам. Ал эми гений дегендик жасаган ишиңди сапаттуу кылып жасаганың. Ал өндүрүмдө болушу мүмкүн. Мисалы, Iphone. Аны “колумдан эң жакшы келет. Эң мыкты сапатта жасайм” деп кылып жатат. Генийлиги ошол. Ал эми тентектиги башка эч бир телефондо болбогон баскычтары. Тентектиги ошол. Экинчиден Iphonду тентек кылган Стив Джобс. Ал өзү аябай тентек, идеяга бай, элдерди таң калтырган киши болгон.  Биринчи гений болуп ишти сапаттуу жасаш керек. Бирок ал жетишсиз. Эл сени угуш үчүн тентек болуш керек. Тентектик бул рамкаларга батпаган, рамкаларды сындырып сыртка чыгуу дегендик. Экөө айкалышса брендге айланат.

—Өндүрүмдөн дагы анын таңгагына маани берилет эмеспи. Кыргызстанда өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн таңгагы канааттандырарлыкпы?

—Башында айтып кеткенимдей, биринчи эле сапатка көңүл бурулуш керек. Ал өндүрүмдүн генийлиги. Уникалдуулугу, башкалардан башкачалуулугу. Ал эми тентектиги болсо, сырткы көрүнүшү. Кебетеси, таңгагы. Кыргызстанда жакшы жасалган нерселер бар. Бирок көпчүлүк басмаканалар бекер эле жасап беришет. Ал эми бекер жасалган нерселерге элдер көңүл деле бурбайт. Отуруп иштеген дизайнер канча иш жасаса ошонун пайызын алып турат. Саатына беш жүз сом же андан көп же аз болушу мүмкүн. Бат-баттан көп иш жасаганга аракеттенгендери  үчүн сапатсыз болуп калып жатат. Ошондуктан жаңы иш баштаган ишкерлердин иши жүрүшпөй, орто жолдо калып жатат.

Идеяны кайдан аласыз?

—Ар бир адамда идея бар. Идеяны ар кимден алам. Дизайнерлерден, баарлашкан адамдардан же кардарлар менен сүйлөшкөндө алам. Бул нерсе өзүңдү тааныгандык жана кылып жаткан ишиңди билгендик менен  байланыштуу. Көптөгөн адамдар  кылып жаткан ишин билбегендиктен өздөрүнүн идеяларынын канчалык баалуу, таасирдүү боло турганын түшүнө  беришпейт. А мен идеясы бар, бирок анын таасирдүүлүгүн көрбөгөн адамдын идеясын көрүп коем. Негизи идеяны чыгарыш анчалык деле оор эмес.

—Командаңыз канча адамдан турат?

—Учурда Ололо хауздада иштеп жатам. Бул долбоорду Данияр Аманалиев баштаган. Ал жерде жалаң Кыргызстандын алдыңкы баштаак тентектери, жаңыча ой жүгүрткөндөр иштейт. Менин Chayan Design студиямда үч кызматкер иштейбиз. Биз фирмалардын буйрутмасы менен иштейбиз. Командамда буга чейин көп дизайнер  иштечү. Дизайнерлердин айлыгы кымбат болгондуктан, каржылык жактан кыйынчылык туулгандыктан командабыз таркап, бир жыл жалгыз иштедим. Учурда кайрадан командамды чогултуп иштеп баштадым.
Бизге кардарлар келип өздөрүнүн көйгөйүн айтышат. Көйгөй дегенде оорулуу келип өзүнүн көйгөйүн айткандай эле биз дагы туура дарыны жазып берген сыяктуу туура жолду көрсөтүп, чечимин чыгарып беребиз. Дизайн, арт, логотип, жарнама ж.б. багытында кызмат көрсөтөбүз.

—Бир буйрутманы канча убакытта жасап бүтөсүздөр?

Бул иштин чоңдугуна байланыштуу нерсе. Бир ай, эки айда жасаган иштерибиз бар. Же болбосо бир-эки саатта бүтүргөн иштер да бар.

—Өлкөдөгү дизайн-жарнаманын келечеги тууралуу кандай пикирдесиз?

—Биздин өлкөдө гана эмес дегеле постсоветтик өлкөлөрдө дизайн жаңыдан гана өнүгүп келе жатат. Базар экономикасына 90-жылдардан тартып өткөнүбүз менен иш жүзүндө 2005-жылдардан тартып эле өттүк. Англия, Америкада эки жүз жылдан бери бар болгон нерсе бизде он беш жылдай эле болду. Жаңыдан жанданып жатат. Бирок, албетте, потенциал бар.

  Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты