Унаа номурун жашыргандар жазаланат

Унаа номурун жашыргандар жазаланатУнаа номурун ылайлап алгандар же башка жолдор менен жашырган айдоочуларга чара көрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык түйүндөрдө айтылган унаа номурун көрсөтпөй, ылайлап, желим жабыштырып же ар кандай ыкма менен жашырып алгандар тууралуу маалыматтарга жооп иретинде, андай айдоочулар жаза тартаарын билдирди.

—Жоопкерчиликтен качуу үчүн унаасынын номурун жашыргандар Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Аларга 5 миң сом айып пул салынат, -деп билдирди Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты