Аскарбек Шадиев боюнча Интерполго кабарланган

Аскарбек Шадиев боюнча Интерполго  кабарланганБүгүнкү, 14-февралдагы, Жогорку Кеңеш жыйынындагы ЖЭБ боюнча талкууда  мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев боюнча Интерполго  билдирилгени айтылды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов  Аскарбек Шадиев тууралуу Интерполго үч ирет кайрылуу жасалганын ЖК жыйынында маалымдады.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов белгилегендей,  АКШ менен Кыргызстан ортосунда кармалгандарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча  макулдашуу жок.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

Баш прокуратура Шадиевге «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча кылмыш ишин ачкан. Шадиев 2017-жылы Жогорку Кеңештин Айтматов атындагы сыйлыкка деп бөлгөн 30 миң долларын уурдоо фактысына байланыштуу айыпталган.

Шадиевдин АКШда качып жүргөнү тууралуу маалыматтар белгилүү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты