ЖЭБ модернизациясы: Кимдин канча мүлкү камакка алынган?

ЖЭБ модернизациясы: Кимдин канча мүлкү камакка алынган?Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында Бишкек жылуулук электр борбору боюнча маалымат угулуп жатканда ЖЭБ модернизациясына тиешеси бар жана айып коюлган аткаминерлердин мүлкү камакка алынганы тууралуу Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.     

Экс-премьер Сапар Исаковдун- 1,8 млн сомдук мүлкүнө;

Экс-премьер- Жантөрө Сатыбалдиевдин -44,3 млн сомдук;

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Осмонбек Артыкбаевдин —  259,9 млн сомдук;

“Энергохолдинг” экс-башчысы  Айбек Калиевдин — 19,5 млн сомдук;

“Электр станциялар” ААК экс-башчысы   Салайдин Авазовдун — 67,8 миллион сомдук,

“Электр станциялар” ААК башчысынын орун басары Жолдошбек Назаровдун —  1,7 млн сомдук;

Кытайдын  TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелектин — 18,5 млн сомдук мүлкү камакка алынды.

Камакка алынган мүлк  өлкөнүн бюджетине же башка уюмдарга берилет. Бул чыгымдардын баарын жаба албайт, -деди Баш прокурор Жамшитов.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты