Жамшитов: “ЖЭБ ишинде экс-президентке өзүнчө укуктук баа берилет”
- 6 лет мурун
- Блог
Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Алмаз Токторовдун суроосуна жооп бергенде, экс-президентке тиешелүү материалдар өзүнчө бөлүнүп алынганын, ага да укуктук баа берилерин билдирди.
—«Коррупция» беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө ага өзүнчө укуктук баа берет,-деп айтты Баш прокурор.
Баш прокуратура Сапар Исаковду Бишкек ЖЭБди модернизациялоо ишинде коррупция беренеси боюнча айыптап жатат.
14-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБ модернизациясы боюнча маселеде маалымат угулуп жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!