Баш прокурор Жамшитов: «ТВЕАнын гранттык каражатына үч мектеп курууга болот»

Баш прокурор Жамшитов: «ТВЕАнын гранттык каражатына үч  мектеп курууга болот»Жогорку Кеӊештин 14-февралдагы жыйынында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн алынган 386 миллион доллар кредиттин пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Тазабек Икрамов кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкектеги жаӊы мектептин курулушуна 2 млн доллар грант бөлүнгөнүн эске салып, ал боюнча козголгон кылмыш ишинин абалына кызыкты.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллардан тышкары, бюджеттен кошумча 104 млн сом каражат каралганын белгиледи.

«Мектеп өтө кымбат баада курулган, ага жумшалган каражатка үч мектеп курууга болот. Келишим боюнча гранттык каражатка эки мектеп курулушу керек болсо, бир гана мектеп курулуп калган», — деди Баш прокурор.

Эскерте  кетсек, аталган мектептин курулушу боюнча Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов айыпталып, камакта жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты